17:54, 25 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Максатбек Сарбагышев депутаттык мандатын тапшырды. БШК бүгүнкү жыйынында анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Белгиленгендей, чечим Максатбек Сарбагышевдин арызынын негизинде кабыл алынган.
Эскерте кетсек, ал Жогорку Кеңешке Ысык-Көл бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. Демек, Ысык-Көлдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалышы керек.