16:26, 25 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандыктар кийинки жумада 1-майдан 5-майга чейин эс алышат. Айдын башында үч майрам бар: 1-май — Эмгек майрамы; 5-май — Конституция кабыл алынган күн жана 9-май — Жеңиш күнү.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин дем алыш болот. Ошондой эле 9-май расмий дем алыш күн болуп саналат.
Кыргызстандыктар 2-майдын (бейшемби) ордуна 6-майда (дүйшөмбү), 3-майдын (жума) ордуна 11-майда (ишемби) иштешет.
Алты күндүк иш графиги боюнча иштеген кызматкерлер 1-6-9-майда эс алышат.