Акылбек Жапаров президентке бир катар акимдерди кызматтан алууну сунуштады
13:21, 25 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Президенттик администрациянын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президентке айрым райондордун акимдерин жана алардын орун басарларын кызматтан бошотуу боюнча сунуштарын киргизди.
Тизмеге төмөнкү райондордун акимдери жана орун басарлары кирди:
- Кемин районунун акими Алайбек Жумаев;
- Кемин районунун акиминин биринчи орун басары Акылбек Мурсалиев;
- Кемин районунун акиминин орун басары Кайрат Жетенбаев;
- Кемин райондук администрациясынын аппарат башчысы Б. Алиев;
- Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев;
- Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары Абдирашит Ташбалтаев;
- Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Адилет Дүйшембиев.