Эртең Бишкектин айрым райондорунда жана шаар четинде муздак суу өчүрүлөт

10:29, 24 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 25-апрелде Бишкек шаарынын айрым райондорунда жана шаар четинде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Баш-Кара-Суу» суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Саат 9:00дөн 22:00гө Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Сары-Өзөн, Кашкабаш, Достук, Ак-Ордо айылдарында, 105-контурдун батыш бөлүгүндө , ТЭЦ-2, Жаңы Селекция аймагында суу болбойт.

Фото мэриянын басма сөз кызматы

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.