Эрлан Шаров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту

12:11, 23 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шаров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Дзюдо федерациясы маалымдады.

90 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык спортчу 1/8 финал баскычынан баштады.

Ал индиялык атаандашын жеңип, бирок чейрек финалда ливандык дзюдочуга утулуп калды.

Жубатуучу турнирдин биринчи турунда Эрлан Широв Комромсох Юстопирионду (Тажикстан) жеңип, андан кийин Арам Григорянды (БАЭ) утту.