Жалал-Абадда тынымсыз жааган жаандан 42 үйдү сел каптады

11:37, 23 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Бостон айылында тынымсыз жааган жаандан 42 үйдү сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, селден улам Бишкек — Ош жолунун 510-чакырымында унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Кырдаалды жоюу үчүн ыкчам топ жана штаб түзүлдү. Жерине 122 куткаруучу тартылып, жарандар коопсуз жайга эвакуцияланды. Ошондой эле ӨКМдин 29 инженердик техникасы жиберилди.

ӨКМ
ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу кызматынын башчысы Абсаттар Сыргабаев абал менен таанышып, тийиштүү ыкчам чара көрүү тапшырмаларын койду.