Бишкекке 12 миллион еврого 100 жаңы автобус келет

17:14, 22 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекке 100 жаңы автобус келет. Бул тууралуу эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Бишкектин вице-мэри Мирлан Байганчоков билдирди.

Анын айтымында, алардын жалпы баасы 12 миллион еврону түзөт.

«Демек, бир автобустун баасы 120 миң еврону түзөбү? Растаможка жана башка чыгымдар мененби?» - деп сурады депутат Кубанычбек Самаков.

Мирлан Байгончоков растаможка үчүн мамлекет төлөй турганын айтты.

Ал кошумчалагандай, жаңы автобустар тендер аркылуу сатылып алынууда, 12 метрлик кондиционер орнотулгандыктан баасы кымбат.