Ноокатта баасы 300 миллион сомго жакын жер тилкерлери мыйзамсыз берилген

11:44, 22 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Ноокат районунда жер алдамчылыгына тиешеси бар бир катар кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жаңы-Ноокат айыл аймагында узак убакыттан бери жер тилкелерин мыйзамсыз берип келген кызмат адамдары аныкталды.

«Жаш» аймагында жеке турак жай куруу үчүн жергиликтүү тургундарга трансформациясыз жер тилкелерин берүү жана жол-жоболоштуруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды. Жалпысынан Жаңы-Ноокат айыл аймагында 41 гектар жер трансформациясыз жасалма токтомдор менен мыйзамсыз берилген, алардын жалпы орточо базар наркы 300 миллион сомго жакын», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Жаңы-Ноокат айыл аймагынын мурдагы башчысы, айыл аймактын жер ресурстары боюнча адиси, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынын бөлүм башчысы, жетектөөчү адиси, картограф жана каттоо бөлүмүнүн башчысы 9-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.