USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында өрт чыгып, сегиз үй-бүлө үй-жайсыз калды

11:30, 22 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында өрт чыкты. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине окуянын күбөлөрү билдирди.

Алардын айтымында, экономикалык аймактын кызматкерлери жашаган «барак» тибиндеги үй өрттөнүп кетти. Сегиз үй-бүлө үй-жайсыз калды.

«Баары күйүп кетти: акча, документтер, буюмдар, кийим-кечелер. Сегиз өрт өчүрүүчү машине тартылды. «Манас» аэропортунун кызматкерлери, ӨКМ жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын эки өрт өчүрүүчү унаасы келди», — деп белгилешти жарандар.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика