USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Кытайда кыргызстандык он баланын жүрөгүнө операция жасалды

09:43, 22 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Кытайда кыргызстандык он баланын жүрөгүнө ийгиликтүү операция жасалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, дарылоо Кытайдын Хэнань провинциясында Көкүрөк хирургиясы ооруканасында жүргүзүлгөн.

Бул «Эне-балага тирек» фонду менен Хэнань провинциясынын Көкүрөк хирургиясы ооруканасынын, ошондой эле Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кызматташтыгынын жана биргелешкен ишинин натыйжасында аткарылды.

Кытайдагы элчи Актилек Мусаева Кыргызстандын биринчи айымы, «Эне-балага тирек» фондунун жетекчиси Айгүл Жапарованын атынан Хэнань провинциясынын өкмөтүнө жана оорукананын жетекчилигине кыргызстандык балдарга акысыз операция уюштургандыгы жана жүргүзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Буга чейин социалдык тармактагы Кыргызстандын биринчи айымынын баракчасында жыл сайын оор жүрөк кемтиги менен ооруган кыргызстандык 10 балага Кытайда операция жасалаары кабарланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика