15:33, 19 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Европа инвестициялык банкынын башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорун каржылоого кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
«Маркус Берндт Дүйнөлүк банкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы сыяктуу абройлуу финансы институттары Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун каржылоого даяр экендигин жогору баалады. Ал кошумчалагандай, алардын мындай кадамдары «долбоор бүгүнкү күндө абдан келечектүү жана актуалдуу экенин көрсөтүп турат», — деп айтылат маалыматта.
Маркус Берндт долбоорду жана аны каржылоо маселелерин изилдөөгө кирише турган банктын негизги өкүлдөрүн аныктады.