Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду

14:47, 19 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Астанада Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.

Президенттин басма сөз кызматы
Президенттин басма сөз кызматы
Президенттин басма сөз кызматы
Президенттин басма сөз кызматы
Президенттин басма сөз кызматы
Президенттин басма сөз кызматы
Президенттин басма сөз кызматы
Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү.

Сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.