14:33, 19 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы 22-апрелде жылуулук тармактардын тыгыздыгына регламенттик сыноолор жүргүзүлөрүн билдирет.
Жумуштар төмөнкү аймактарда аткарылат:
«Регламентик сыноолорду өткөрүү жылуулук берүү мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн зарыл, сыноолорду жүргүзүү учурунда түтүктөр жарылып, жолдордун катмары бузулуп, жылуулук тармактарынын аймагында жайгашкан жерледи суу каптап кетиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.
Мекеме жарандарды жана айдоочуларды жолдордо этият болууга чакырат жана жолдордо бузулуулар байкалган учурда дароо «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын диспетчердик кызматына 568558 телефону аркылуу же керектөөчүлөрдү колдоо борборуна 611169, 1980 («Кыргызтелекомдон»), 0557 611166, 0777 611166, 0701611166 номурлары боюнча кайрылууну сунуштайт.