13:10, 18 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги суу ташкынынын кесепеттерине туш болгон Казакстанга 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты.
ИИМ жардам катары биринчи керектелүүчү буюмдарды, дары-дармектерди, желим өтүктөрдү, дизелдик жана электр генераторлорун, үйлөмө кайыктарды, чатырларды, матрацтарды, тамак-аш, жууркан жана жаздыктарды, шейшептерди жөнөттү.