USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

2023-жылы «Кыргызнефтегаз» 2,6 миллиард сом таза киреше алган

09:18, 18 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызнефтегаз» 2 миллиард 621,2 миллион сом өлчөмүндө таза киреше алган. Мындай маалыматтарды Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жарыялады.

Өткөн жылы компания 173 миң тонна мунай жана 22 миллион кубометр жаратылыш газын өндүргөн.

2023-жылы бюджетке 1 миллиард 477 миллион сом салык, ал эми Социалдык фондго 469 миллион сом төккөн. Мындан тышкары, 857 миллион сом дивиденд катары төлөгөн. Жалпысынан мамлекеттик казынага 2 миллиард 803 миллион сом төлөнгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика