17:29, 17 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
2023-жылы «Кыргызалтындын» кирешеси 14,8 миллиард сомду, ал эми таза пайдасы 12,65 миллиард сомду түзгөн. Өткөн жылдын жыйынтыгы ачык акционердик коомдун сайтында жарыяланды.
Белгиленгендей, таза киреше көрсөткүчтөрү ишкананын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болгон.
Отчетто «Кыргызалтын» төрт филиалынын үчөөсүн таза кирешеге чыгара алганы айтылат. Мындан тышкары, акционерлердин чогулушунда компаниянын кирешесинин 100 пайызын дивиденд түрүндө мамлекеттин бюджетине которуу чечими кабыл алынган.