15:15, 17 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
2023-жылы Кыргызстандын абактарында 33 адам каза болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев билдирди.
Анын айтымында, аларга онкология жана жүрөк-кан тамыр оорулары диагнозу коюлган.
Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сөзүнө караганда, 2024-жылы өлкөнүн абактарында 12 адамдын өлүмү катталган.
«Бизде ар бир факт боюнча маалымат бар, ар бирин иликтеп, мыйзамдуу деңгээлде текшерип жатабыз», — деп белгиледи башкы прокурор.