14:35, 17 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 17-апрелден 18-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Алар:
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. ӨКМ айдоочуларга алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алууну сунуштайт. Ал эми унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу зарыл.