Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары 9-майга карата 20,4 миң сомдон алышат
17:24, 16 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына 20,4 миң сомдон берилет. Бул жөнүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 9-майга карата республикалык бюджеттен төлөмдөргө 9 миллион 934,5 миң сом каралган.
Бир жолку жөлөкпул 637 адамга берилет:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары — 5 адам — 20 миң 600 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары — 23 адам — 20 миң 400 сом;
- концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары — 8 адам — 20 400 сом;
- «За оборону Ленинграда» медалы жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйлангандар — 11 адам — 20 миң 400 сом;
- Улуу Ата Мекендик согушта фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелери жана экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) — 1 адам — 15 миң 200 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар — 589 адам — 15 миң 100 сом.