Ататүрк атындагы паркта мыйзамсыз курулган 198 объект бар

15:01, 16 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Ататүрк атындагы паркта мыйзамсыз курулган 198 объект бар. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал жалпы аянты 107 гектар болгон парктын чек араларын бекитүү тууралуу токтомго кол койгонун эске салды. Сейил бактын чек арасы Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 «СССРдин 50 жылдыгы «сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтомунда белгиленген.

Эми мурун курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.

Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине, жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына жана Октябрь администрациясына 1992-жылдагы токтом менен бекитилген чек арадагы парктын жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү жана сейил бактын аймагында мыйзамсыз тургузулган кыймылсыз мүлктөрдү сүрдүрүү тапшырылды.

«Биз борбордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер тилкелерин менчикке же пайдаланууга берүүгө байланыштуу мурда кабыл алынган бардык чечимдерин жокко чыгарууну тапшырдык. 198 объект боюнча 124 чечим жокко чыгарылды. Бул акыркы көрсөткүч катары каралат, бирок иштин жүрүшүндө көбөйүшү мүмкүн», — деди мэр.

Ал жерлерди кайтарып алуу жана объекттерди бузуу маселелеринде муниципалитет колдонуудагы мыйзамдардын алкагында иш алып барарын, укуктук баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөрүн жана бүгүнтөн баштап тургундарга билдирүүлөр таратыла баштаганын белгиледи.

Анын айтымында, мэриянын бардык объектилерди бузуу максаты жок.

«Биздин бир гана максатыбыз бар — бардыгын колдонуудагы мыйзамдарга жана белгиленген чек араларга ылайык келтирүү. Ишке ашырыла турган кадамдар аныкталды. Бузуу, келтирилген зыянды калыбына келтирүү маселелери бар, алар боюнча укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга туура келет», — деди мэр.

Эске салсак, парк 1957-1958-жылдары пайда болгон жана Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы тарабынан дендропарк катары пайдаланылган. 1962-жылы дендропарк шаардык аткаруу комитетине өткөрүлүп берилип, 1967-жылы «Достук» маданият жана эс алуу паркы деп аталып калган. Азыркы аталышын 1995-жылы алган. 1990-жылдары парктын бир бөлүгүнө турак жайлар курула баштаган. Курулуштар 2000-жылдары көбөйүп, жерлерди Кыргызстандын жогорку кызмат адамдарына же алардын туугандарына жеке турак-жайга сатуу менен байланышкан ар кандай чуулгандуу окуяларда аты аталып келген.