Жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси кармалды

12:55, 16 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Жер тилкелерин каттоодогу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новоповровск жана Люксембург айыл аймактарындагы 11 гектар жер тилкелерине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана легалдаштыруу үчүн соттун чечимдерин бурмалоо, мамлекеттик органдардын ишин жасалмалоо фактылары аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы
УКМКнын басма сөз кызматы

Жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси М.Ш., «жер мафиясынын» уюштуруучулары С.А. жана Р.М. кармалды. Алар Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыга катышы бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.