12:45, 16 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Тажикстан 20-апрелден тарта Түркиянын жарандарына виза режимин киргизет. Бул тууралуу «ХОВАР» маалымат агенттиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме менен билдирди.
Тышкы саясат мекемеси белгилегендей, Тажикстан өкмөтүнүн 28-марттагы токтомуна ылайык, 20-апрелден баштап Түркиянын жалпы жарандык чет өлкөлүк паспортунун ээлерине карата виза режими киргизилет.
Түркиянын жарандары визаны Тажикстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринен жана консулдуктарынан ала алышат.
Түркия 20-апрелден тарта Тажикстан менен визасыз режимди токтотору 6-апрелде белгилүү болгон.