Бишкектен Сочиге аба каттамдар жанданат

09:55, 16 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкектен Сочиге аба каттамдар жанданат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Орусиянын «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы 25-майдан тарта Сочи — Бишкек — Сочи багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт.

«Манас» эл аралык аэропортунан Сочи шаарына каттамдар жумасына бир жолу — ишемби күндөрү аткарылат.

Бул багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча аэропорт аталган авиакомпанияга кайрылууну сунуштайт.