Бүгүн «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пункту убактылуу иштебейт

17:22, 15 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пункту убактылуу иштебейт. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 18.00дөн 20.00гө чейин техникалык иштерге байланыштуу мамлекеттик чек арадан жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекети кыргыз-казак чек арасында жайгашкан.