14:11, 15 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
«Тазалык» таштандыларды саат 19.00 дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында таштанды чыгаруу процессин оптималдаштыруу жана жол кыймылына терс таасирин азайтуу максатында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктарды таратууда.
Мэрия бул чаралар жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратып жаткан жол тыгынына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын ноябрында мэр Айбек Жунушалиев катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун сааттарын белгилөөнү, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырган. Мэрия таштандыларды саат 19.00дөн 00.00гө чейин чыгаруу коммуналдык кызматтарга мэрия тарабынан бекитилген графикке ылайык, башкача айтканда, 7.00гө чейин чыгарууга мүмкүндүк берерин айткан. 24.kg агенттигинин редакциясы окурмандардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, көпчүлүгү мэрдин демилгесин колдогон эмес.