Ош шаарында каратэ-до боюнча эл аралык турнир өтүп жатат

11:39, 15 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Ошто каратэ-до боюнча эл аралык Osh Cup турнири өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Кубогуна 6-18 жаш курактагы 400гө жакын спортчу катышып жатат.

«Турнирге Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген командалар катышууда. Жеңүүчүлөр республикалык жана эл аралык турнирлерге ат салышуу мүмкүнчүлүгүн алып, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланат», — деп айтылат маалыматта.

Турнир эки күнгө созулат.