11:20, 15 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу 1-майдан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, документтер 30-майга чейин онлайн форматта кабыл алынат.
«Эл үмүтү» стипендиясына конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын магистратурада окууга 40 жашка чейинки, докторантурада окууга 45 жашка чейинки жарандарына уруксат берилет.
Талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
«Эл үмүтү» стипендиясынын максаты —Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.
«Эл үмүтү» стипендиясына жыл сайын 50 орун бөлүнөт. Анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн 10 стипендия берилет.
Сынак жана талаптар жөнүндө кененирээк Билим берүү министрлигинин сайтынан билүүгө болот.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 10-майында мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Эл үмүтү» президенттик стипендиясын негиздеген. Аны алуу шарттары Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жарыяланган. Ал жерде мамлекет каржылоого даяр болгон алдыңкы 100 университеттин тизмеси келтирилген. Жылдык стипендиянын өлчөмү 50 миң доллардан ашпоого тийиш.