Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту

09:33, 15 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында жеңишке жетти. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.

62 килограммга чейинки салмак ченинде ал 1/4 финал баскычынан баштап, кореялык спортчу Субин Жону 3 мүнөт 27 секундда жеңди.

Кыргызстандык спортчу жарым финалда монголиялык атаандашын 13:3 эсебинде утту.

Финалда ал япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, 9: 6 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, буга чейин Айпери Медет кызы алтын медалга ээ болгон.