Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү белгилүү болду

14:43, 11 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте ысык суу 22-апрелде өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Бишкек жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров билдирди.

Анын айтымында, ысык суу 2024-жылдын 1-июнуна чейин токтотулат.

Эске салсак, Бишкекте жылуулук 25-мартта өчүрүлгөн.