USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

«Жалал-Абад» санаторийи менен «Ош» пансионаты мамлекетке кайтарылды

09:24, 11 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

«Жалал-Абад» санаторийи менен «Ош» пансионаты мамлекеттин менчигине кайтарылганын президенттин жана министрлер кабинетинин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Facebook баракчасында маалымдады.

Ал жаңы жетекчиликке курортту заман талабына ылайык өнүктүрүү тапшырмасы берилгенин белгиледи.

Анын айтымында, бир кылымдан ашык кызмат кылып келе жаткан курорт жаңыланууга муктаж, ошентсе да профсоюздар федерациясынын башка мүлктөрүнө салыштырмалуу абалы жакшыраак.

«Биринчи кезекте курортто санариптештирүү иштерин жүргүзүп, электрондук төлөмгө өткөрөбүз, накталай төлөм жүргүзүү же өзүнчө касса деген түшүнүк жок болот. Бул кадам түшкөн каражаттардын сол чөнтөккө кетүүсүнө бөгөт койот», — деди ал.

Ошондой эле Каныбек Туманбаев «Ош» пансионатынын жерлерин мурдагы жетекчилери, экс депутат жана башка адамдар менчиктештирип алганын айтты. Анын аянты мурда 21,5 гектар болсо, азыр 17,68 гектар гана жери калган.

Мындан тышкары 2,8 гектар жери менен Ош турбазасы да мамлекетке кайтарылды.

Эске салсак, 2023-жылы жайында «Ош» пансионатынын мурдагы директору Маматкарим Койчукулов пансионатты менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө сураган журналистке кол көтөргөн. Окуянын видеосун Ыдырыс Исаков Facebook баракчасына жарыялаган. Видеодогу далилдерге карабастан милиция кылмыш курамынын жоктугунан ишти токтоткон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика