13:30, 09 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келди. Маалыматты 24.kg агенттигине министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Олжас Бектенов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Иш-чараны чагылдыруу үчүн министрлер кабинети мамлекеттик ЖМКларды гана аккредитациядан өткөргөн. Белгилей кетсек, бул Олжас Бектеновдун премьер-министр катары Кыргызстанга биринчи сапары.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Олжас Бектеновдун сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашууда.
Президент Садыр Жапаровдун алдыдагы сапары талкуунун негизги темасы болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Олжас Бектеновду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, 2024-жылдын февралында Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу казак тараптын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.