Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга барат

12:48, 09 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

18-19-апрелде президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга барат. Маалыматты 24.kg агенттигине мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев журналисттерге билдиргендей, сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүшөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Казакстандагы Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышына жана башка бир катар иш-чараларга катышат.