10:20, 09 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Март айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эл аралык резервдери 3 миллиард 491,16 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Ага чейин рекорддук көрсөткүч 2024-жылдын февралында (3 миллиард 323,82 миллион доллар), 2021-жылдын сентябрында (3 миллиард 241,14 миллион доллар) жана 2023-жылдын декабрында (3 миллиард 236,48 миллион доллар) катталган.
Үстүбүздөгү жылдын март айында эл аралык резервдер 2024-жылдын февралына салыштырмалуу 167,34 миллион долларга, ал эми жыл башынан бери 254,68 миллион долларга өскөн. Өткөн жылдын март айынын айырмаланып, 1 миллиард 1,46 миллион долларга же 40,2 пайызга көбөйгөн.
Улуттук банк резервдерди валюта рыногунда кескин өзгөрүүлөр болгон учурда колдонот. 2023-жылы банк 14 интервенция жасап, 655,72 миллион доллар саткан. 2024-жылы Улуттук банк үч гана интервенция жасап, 31 миллион 850 миң доллар сатты, дагы бир жолу 9 миллион доллар сатып алды.