16:23, 08 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
1-апрелден 7-апрелге чейин 22 миң 895 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4 миң 512 айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашкан жана транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу фактысы боюнча 3 миң 653 учур катталган.
Мас абалында унаа башкарган 63 айдоочу кармалган. 226 жарандын автоунаа башкаруу боюнча тийиштүү документтери болгон эмес.
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 946, ал эми айып короого токтотулган унаалардын саны 867ни түздү.