Азербайжандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

14:23, 08 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Азербайжандын ТИМ башчысы кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 8-9-апрелде Кыргызстанга келет.

Эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.