09:41, 08 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда мектепке электрондук каттоо башталды.
Электрондук каттоо автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта, 8-апрелден (9:00дөн баштап) 2-июнга чейин жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча), экинчи этапта, 3-июндан 30-августка чейин жашаган жери боюнча эмес, бош орундар бар мектептерге каттоо болот.
Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.
Электрондук каттоо тууралуу суроолор боюнча call-центрге 110 номери аркылуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот. Түшкү тыныгуу саат 12:00-13:00 арасы.