10:49, 05 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Фрунзе көчөсүндөгү 0,25 гектар жер тилкесин жана республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имаратты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Л.В.И. жеке кызыкчылыгы үчүн коррупциялык схема уюштуруп, объектини жеке менчикке өткөрүп берген», — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада жер участогу жана имарат муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Алардын жалпы баасы 196 миллион 302 миң сомду түзөт. Тергөө уланууда.