Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Казакстандан утулуп калды

10:13, 05 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын курама командасы Таиландда өтүүчү Азия кубогунун финалдык баскычына даярдык көрүүнүн алкагында Казакстандын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясынан билдиришти.

Таразда Кыргызстандын курама командасы 2:3 эсебинде утулуп калды.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар Ташкентте эки жолдоштук беттеш өткөргөн.

Азия кубогу — 2024 17-28-апрелде Бангкок (Таиланд) шаарында өтөт.