USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Сөөгүн тогуз күн ашканада кармаган. 37 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү кармалды

17:07, 04 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы таштанды челектердин жанынан 37 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 45 жаштагы жаран кармалды. Ал каза болгон аял менен чогу жашашканын айткан.

Шектүү

«Белгилүү болгондой, алар уруша кетишип, шектүү маркумдун башына балка менен уруп, андан кийин муунтуп өлтүргөн. Анын сөөгүн тогуз күн үйүндөгү ашканада кармап, андан кийин таштанды челектердин жанына таштап кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери жүрүп жатат. Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика