08:54
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна 8 миллиард доллар жумшалат

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу 8 миллиард долларга бааланууда. Маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров агроөнөр жай форумунда билдирди.

Белгиленгендей, бул сумма болжолдуу болуп саналат. Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан темир жолдун курулушуна даярдык иштерин бүтүрүп, бардык процедуралар аяктады. Курулуш иштери быйыл башталат деп күтүлүүдө. Азыр долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу жүргүзүлүп жатат.

Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун куруу боюнча үч өлкө ортосундагы кызматташтык келишимине 2022-жылы сентябрда Самаркандда кол коюлган. Документте өткөн жылдын биринчи жарымында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо каралган. 2023-жылдын декабрында Кытайдын адистери долбоор боюнча талаа иштерин бүтүрүшкөн.

Долбоор 20 жылдан ашуун убакыттан бери талкууланып жатат. Аны ишке ашыруу Кытайдан Өзбекстан аркылуу Европага жана Перс булуңундагы мамлекеттерге «Түштүк коридор» аркылуу жүк ташууга жана соода географиясын кеңейтүүгө негиз болору күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар