Ноокенде адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

11:40, 04 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Ноокен милициясы адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады. Бул жөнүндө Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Масы айылындагы көп кабаттуу үйдүн 4-кабатында өрт чыккан. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерден 69 жаштагы жарандын жансыз денеси таап, анда жараат бар экендиги аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Шектүү катары Базар-Коргон районунун 42 жаштагы тургуну Д.М. кармалып, тергөө кызматына алынып келинген.

Фото Жалал-Абад облустук ИИБ. Шектүү

Ал эки айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.