11:10, 04 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусу боюнча алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда, жалпы 2 миң 744 батир. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
«Тааныш-билишти салып эч ким алдыңкы кезекке тура албайт, колунда барларга 3,4төн үй алганга жол бербейбиз. Президенттин тапшырмасы менен ипотекалык үйлөр буюрса чыныгы муктаждарга берилет», — деди ал.
Туманбаев мамлекет башчысынын демилгеси менен Бишкекте эле эмес, бардык аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу баштала тургандыгын кошумчалады.