Синоптиктердин маалыматы боюнча, аптанын аягына чейин Бишкекте күн ачык жана жылуу болот, бирок дем алыш күндөрү кайрадан жаан жаашы күтүлөт.
4-апрелде калаада жаан-чачын күтүлбөйт жана жылуу болот. Түнкүсүн + 7, күндүз + 18 градус болот.
5-апрелде ушундай эле аба ырайы күтүлөт. Түнкүсүн + 8, күндүз + 20 градуска чейин ысыйт.
6-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн + 6, күндүз + 16 градуска чейин көтөрүлөт.
7-8-апрелде жаан жаашы мүмкүн, бирок күн жылуу болот.