12:30, 03 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
«Евразиялык интеграциянын символдору» аттуу биргелешкен ири масштабдуу жогорку технологиялык жана гуманитардык долбоорлордун сынагы башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет.
Сынак жаңы технологиялык жактан өнүккөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү долбоорлорду табууга багытталган, алар Евразия чөлкөмүндөгү бир нече ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда ишке ашырылып, олуттуу социалдык, экономикалык жана технологиялык эффектилерди камсыз кылат.
Арыздар сегиз конкурстук номинация боюнча кабыл алынат:
«Ар бир номинация боюнча сынактын финалисттери кийин мүчө мамлекеттердин аймагында ишке ашыруу үчүн сунушталат. Сынакка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар, жеке адамдар катыша алышат. Концепция жана прототип баскычындагы долбоорлор, ошондой эле ишке ашыруу жана масштабдоо баскычындагы долбоорлор да катыша алат», — деп белгиледи мекеме.
Арыздар 2024-жылдын 30-апрелине чейин сынактын https://eurasiasymbols.asi.ru расмий сайтында кабыл алынат.