Аравандагы 307 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды

11:29, 03 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Араван районундагы стадиондун 0,46 гектар жери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анан базар баасы 307 миллион 135 миң 118 сомду түзөт.

«2001-жылы айылдык кеңеш тарабынан Араван айылындагы райондук стадиондун жерин жеке жактарга лицей жана спорт комплексин куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө чечим чыгарылган. Муну менен президенттин 1995-жылдын 16-февралындагы «Юридикалык же жеке жактарга социалдык инфраструктура объектилерин менчиктин жеке же башка түрлөрүнө өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө» жарлыгы бузулган», — деп айтылат маалыматта.