10:53, 03 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан Бишкек ЖЭБиндеги эки блокту капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн TBEA компаниясын тартууда. Энергетика министрлиги менен кытай компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлду.
Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев ТВЕА компаниясынын төрагасы Чжан Син менен жолугушкан. Тараптар ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүнүн активдүү электр жана жылуулук энергиясын долбоордук деңгээлге чейин жогорулатуу маселесин жана жабдуулардын эскиргендигине байланыштуу № 3 жана № 4 блоктордо капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүнү талкуулашкан.
Мындан тышкары, «Кыргызстан-Кытай (ШУАР)» бизнес-форумунда TBEA компаниясы менен Бишкек ЖЭБинин № 3 жана № 4 агрегаттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Келишимдин суммасы азырынча белгисиз.
Эскерте кетсек, ТВЕА компаниясы 2014-2017-жылдары жылуулук электр борборунда оңдоо иштерин жүргүзгөн. 2018-жылы ЖЭБде авария болуп, коррупция боюнча териштирүү иштери башталган.