17:26, 02 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Маданият, маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлиги Укук бузуулар жөнүндө кодексин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта же интернет тармагындагы баракчаларда башка адамдарга жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти караган жаңы берене менен толуктоону сунуштап жатат. Мекеме мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, долбоор министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыккан. Долбоордун максаты жана милдети жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана укук системасынын алкагында адилеттүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат.
Министрлик азыркы учурда сөз эркиндиги маселелери маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү контекстинде барган сайын актуалдуу болуп баратканын белгиледи. Ошол эле учурда ар кандай жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет ресурстары аркылуу билип туруп жалган маалыматтардын таралышы жана мазактоо учурларынын көбөйүшү байкалууда. Бул коомдук адеп-ахлакка жана адамдар аралык мамилелерге коркунуч жаратат.
«Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернетте жайылган мазактоо жана басынтуу жалпы коомго терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул чыр-чатактын күчөшүнө, адамдар арасындагы мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Жалаа жана жалган айыптоолор маалыматка жана ЖМКга болгон ишенимге зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан жалаа жөнүндө беренени киргизүү коомдук дискурстун сапатын жана ишенимдүүлүгүн сактоого, маалыматка болгон элдин ишенимин коргоого жардам берет», — деп айтылат негиздемеде.
Маданият министрлиги кодексти «Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-сайтта же интернет-сайттын баракчасында камтылган жалаа жана мазактоо» беренеси менен толуктап, төмөнкүдөй жаза киргизүүнү сунуштап жатат:
Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана жаза колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга — Маданият министрлигине берүү сунушталууда.