11:23, 02 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
4-апрелде кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.
Чек ара Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин майрамына — маркумдарды эскерүү күнүнө карата жабылат.
Көзөмөл-өткөрүү пункту кайрадан 5-апрелде иштей баштайт.