17:07, 01 апреля 2024, Бишкек - 24.kg
Жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында Бишкектин ичинде оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Муниципалитет аба ырайынын ысышы менен оор жүк ташуучу унаалар асфальттын сапатын бузарын жана шаардыктар тарабынан да оор жүк ташыган унааларга түнкүсүн гана жүрүүгө уруксат берүү талабы дайыма айтылып келгенин белгиледи.
Убактылуу чектөө механизми оор жүк ташыган төмөнкү унаалар үчүн колдонулбайт:
5-апрелге чейин мэриянын тийиштүү кызматтары оор жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдо жүрүүсүнө тыюу салган жол белгилерди орнотуп чыгышат.
Белгиленген талаптарды бузган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.