Кыргызстанда Орозо айт 10-апрелде белгиленет

14:39, 01 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Быйыл Кыргызстанда Орозо айт 10-апрелде белгиленет. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Муфтият 9-апрелде ыйык Рамазан айы аяктап, 10-апрелде Орозо айт майрамынын биринчи күнү башталарын белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 11-мартта ыйык Рамазан айы башталган. Ал эми Кадыр түн 6-апрелге караган түнү болот.